Ноокендеги жугуштуу ооруларды аныктоочу лабороториянын курулушу  50 пайызга аяктады

Ноокендеги жугуштуу ооруларды аныктоочу лабороториянын курулушу  50 пайызга аяктады. Райондук оорулардын алдын алуу жана санэпидем көзөмөл борборунан билдиришкендей, ушул тапта медициналык мекеменин терезелери жана эшиктери орнотулуп жатат.

 

Заманбап лабораториянын курулушу былтыр башталып, Ислам өнүктүрүү банкы 15 миллион сом бөлүп берген.

 

Лаборатория ишке берилсе, жергиликтүү тургундар инфекциялык оорулардын анализдерин облус борборунан 3 күндөп күтпөй калат.