Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү. Мэриядан маалым болгондой, эми №17 автобус Жамгырчинов көчөсү аркылуу өтпөйт.

 

Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен 188-маршуттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин 1 айга убактылуу узартылды.

 

Ал эми №185 кичиавтобус Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрүнө каттамай болду. Ошондой эле, Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн атайын 5 автобус бөлүнмөй болду.