Окуучулар олимпиадасынын 3-турунун жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таанылды

Окуучулар олимпиадасынын 3-турунун жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таанылды.

Облустук турда I, II жана III орундарга 483 окуучу ээ болгон. Чечим карантинден улам окуучулардын

олимпиадага толук кандуу даярданууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун эске алуу менен кабыл алынды.

I орунду алган 160 окуучу ноутбук жана диплом менен сыйланышат. Ал эми 281 окуучуга ЖОЖдорго

олимпиаданын предмети дал келген адистиктерге тапшырууда жеңилдик берилет.