Кыргызстанда ЖОЖдор жана кесиптик орто билим берүү мекемелери бир жылда абитуриенттерди эки ирет кабыл алышы мүмкүн

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар жана кесиптик орто билим берүү мекемелери бир жылда

абитуриенттерди эки ирет кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү министри

Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Тиешелүү токтом долбоор өкмөткө жөнөтүлдү.

Ошондой эле ЖОЖдорго студенттерди бир гана багытта окутпастан, бири-бирине

шайкеш келген бир катар кесипти кошуп үйрөтүү тапшырмасы коюлууда.