Россиянын жогорку окуу жайы кыргызстандык абитуриенттерге 20 орун бөлүп берди.
Элчиликтин маалыматына ылайык, Усурийск шаарындагы «Приморье мамлекеттик айыл чарба академиясы» агроинженерия, агрономия, агрохимия жана агроөсүмдүктөр, ветеринардык-санитардык экспертиза, зоотехния, токой чарбасы, өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү багыттары боюнча орундарды бөлдү.
Документтер Академиянын сайты аркылуу «Абитуриент» бөлүгүндө дистанциондук түрдө электрондук жол менен тапшырылат.