Ордо калаа мэриясы жолдорду оңдоонун кийинки этабына даярдык көрүүдө

Ордо калаа мэриясы жолдорду оңдоонун кийинки этабына даярдык көрүүдө. Кеп, “Бишкектин жол тармагын жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасы тууралуу болуп жатат. Муниципалитет компаниялар арасында жол курууга сынак жарыялады.

 

Арыздар жаңы жылдык эс алуулардан кийин ачылат. Эске салсак, экинчи фазанын алкагында 60 көчө калыбына келтирилиет. Алардын басымдуу бөлүгү турак-жай конуштарына туура келет. Андан тышкары, мэрия шаарда 4 көпүрө куруу ниетинде.