Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жаштар арасында массалык мушташ катталды

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылында жаштар арасында массалык мушташ катталды. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, уруш  9-декабрда өткөн футболдук беттештин айынан чыккан.

 

Эки тараптын ортосунда ошондон бери пикир келишпестик орун алып, кечээ атчан балдар жаштарга кол салып, бир нече унааны талкалашты. Жыйынтыгында, 4 адам ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардан милицияга  5 арыз түштү. Тергөө жүрүүдө.