Ордо калаа жолдорундагы чийин белгилери жаңыртылууда

Ордо калаа жолдорундагы чийин белгилери жаңыртылууда.

Мэриянын маалыматына караганда, “Бишкек асфальт сервис”

ишканасынын кызматкерлери бир катар тилкелерге чийиндерди түшүрүштү.

Учурда иштер Чүй проспектисинин Осмонкулов көчөсүнөн Турусбековго чейин,

Манас проспектисинин Жибек Жолу тилкесинен түштүккө караган багытында

жөө жүрүүчүлөр өтмөгү, стоп-линиялар жаңыртылды. Иштер

планга ылайык жүрүп, уланууда, — дешти муниципалитеттен.