“Арал” жана “Сосновка” өткөрүү түйүндөрүнө киргизилген чектөөлөр алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек – Ош жолуна
унаалар аралыкты сактоо менен өткөрүлүп жатат. Эске салсак, кечээ кечки саат
7ден тартып Жайыл жана Токтогул райондорундагы посттордо оор жүк
ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.