Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар жаап, бийиктиги 12 сантиметрге жетти

Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар жаап, бийиктиги 12 сантиметрге жетти.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, трасса тазаланып, инертүү материал себилип жатат.

Кардын жаашынан улам, жолдо кар күрткүлөрү пайда болду. Мындан улам

айдоочулар дагы бир ирет жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу менен,

жанында чынжыр, күрөк алып жүрүүсү керек. Унаалар ортосундагы

500 метр аралыкты сактоо сунушталат.