Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат

Ордо калаада “Бишкек сельмаш” буу казаны толугу менен реконструкцияланып, жаңы ЖЭБке айланат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

 

Анын айтымында, бул долбоор бийлик тарабынан өткөн жылдан бери каралып, 2024-жылы гана тиешелүү келишимдер жетишилди. Жаңы жылуулук-энерго борборунун кубаттуулугу электр өндүрүү боюнча 100 мегаватты, ал эми жылуулук боюнча 200-300 мегаватты түзөт, — деди Байгазиев.