Бишкекте дагы бир жылуулук электр борборун куруу пландалууда

Бишкекте дагы бир жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, долбоор өткөн жылы иштелип чыккан, учурда кол коюу алдында турат.

 

Жаңы ЖЭБ “Айыл чарба машина куруу” заводунун аймагында курулуп, болжол менен 100 мегаватт электр жана 300 мегаватт жылуулук кубаттуулугуна ээ болот.

 

Объект ордо калаанын батыш тарабын жылуулук менен камсыздайт. Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде 2-февралда авария болуп, шаар тургундарына жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган.