Кыргызстанда күйүүчү майлоочу материалдын баасы кымбаттаганы катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 70 сом 20 тыйындан сатылса, учурда 71 сом 48 тыйындан сатылууда.
Ал эми АИ-92 бензинин баасы 1 сом 40 тыйынга көтөрүлдү.
Учурда айдоочулар бул отундун бир литрин 64 сом 60 тыйындан сатып алышууда. Адистер баалардын көтөрүлүшүн сезондук факторлор менен байланыштырды.