Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
WhatsApp мессенджери аркылуу 1991-жылдан 2018-жылга чейин иштеген жарандарга 70 миң сомдон
компенсация берилет деген маалымат тарап жатат. Анда акча алуунун критерийлери кошо белгиленген.
Мындай билдирүүлөр жалган экенин белгилеген министрлик жарандарга фейк маалыматтарга ишенбөөнү сунуштайт.