Өзбек бийлиги Сох анклавына аба каттамын ачты

Сох анклавындагы аэропортко Өзбекстандын Фергана шаарынан биринчи ирет учак келип конду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жергиликтүү акимчиликтин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Биринчи сынамык каттам кечээ, 1-ноябрда, болгон. Ан-2П деп аталган Humo Air авиакомпаниясына тиешелүү учак «Фергана» аба майданынан саат 12:30да учуп чыгып, «Сох» аэропортуна саат 13:10до конгон. Тагыраагы, 40 мүнөттө келген.

Каттамды райондун акими Саидбахром Сайидмусаев, райондогу кызматтардын башчылары жана коомчулук өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алган.

 

 

Сох анклавындагы мурдагы аэропортту реконструкциялоо жана каттамдарды уюштуруу боюнча мындан бир жыл мурда, жай мезгилинде айтылган. Анда аталган аймакка Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов келип кеткен эле.

 

Сох анклавында курулуш иштери октябрдын орто чендеринде бүткөн. Аба терминалын тургузууга 637 миң доллар сарпталганы маалым болду. Аэропорттун аянты жети гектарга, учуп-конуу тилкесинин узундугу 700 метрге чукул экени айтылды.

Сох – Өзбекстандын эксклавы, дүйнөдөгү анклав аттуулардын ириси. Баткен облусунун Кадамжай районунда анклав катары жайгашып, Лейлек жана Баткен райондорун, Сүлүктү шаарын өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган жолдун тоому болгон. Кыргыз Республикасынын жарандары бул жерден абдан кыйналгандыктан жана бир нече ирет чыр чыккандыктан мамлекет айланма жол салган.

Дагы: https://sputnik.kg/asia/20211102/1054448914/ozbek-biyligi-sokh-anklavyna-aba-kattamyn-achty.html