Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге 1,5 миллион сом айып салынды

Ордо калаада санитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге 1,5 миллион сом айып салынды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, 14-майдан 9-июнга чейин  жалпысынан 6 миң 425 объекти текшерилди.

Анын ичинен 692си талаптарды аткарбагандыктан айып салынды. Ошондой эле 1-июндан тартып коомдук

транспорттун айдоочулары санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 40 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.