Ордо калаада «Ата-Түрк» эс алуу багындагы мыйзамсыз курулган 3 аттракцион бузулду.
Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,
буга чейин сейил бактагы 25 аттракцион уруксатсыз иштеп келгени аныкталды.
Мыйзамсыз объектилерди алуу иштери планга ылайык уланууда.