Ордо калаанын “Жал” кичи районунда   жаңы сквер пайда болду

Ордо калаанын “Жал” кичи районунда   жаңы сквер пайда болду. Эс алуу аймагы Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда жарык диоддук лампалар орнотулуп, бой үйдүн инсталляциясы тургузулду. Ошондой эле, скверде көп жылдык гүлдөр отургузулду.

 

Мэриядан белгилешкендей, бул жерде мурда унаа токтотуучу жайы болгон.