Быйылкы шайлоого карата 3 өлкөдө шайлоо тилкелери ачылат

Быйылкы шайлоого карата 3 өлкөдө шайлоо тилкелери ачылат.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында,

учурда Россия, Италия жана Францияда шайлоо тилкелерин ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал эми Түштүк Сахалинск, Иркутск, Якутск, Сургут жана Москва шаарларында жаңы тилкелер ачылып,

даярдалды. Белгилеп кетсек, 4-октябрь добуш берүү күнүндө чет мамлекеттерде 42 шайлоо

тилкеси ачылат. Аларда консулдук каттоого турган кыргызстандыктар гана добуш бере алат.

Мекендештер дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн сайтынан өздөрүнүн бар-жоктугун текшериши зарыл.