Бишкектеги Исакеев көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөө киргизилди.
Жолдун Ауэзовден Валихановго чейинки бөлүгү оңдоп-түзөлөт. Күтүлгөндөй,
жумуштар жайда аяктайт. Андан тышкары, жакынкы аралыкта дагы 7 көчөдө,
тагыраагы Левоневск, Кахов, Арал, Дача, Шевченко жана Жогорку Көк-Жар көчөлөрүндө
оңдоо иштери башталат. Кошумчаласак, быйыл «Бишкек асфальт сервис» ишканасы
калаадагы 27 көчөнү, жалпы узундугу 16,5 чакырым тилкени калыбына келтирет