Ордо калаанын Манас көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналындагы көпүрө алынат

Ордо калаанын Манас көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналындагы көпүрө алынат.

Капиталдык курулуш башкарамалыгы анын ордуна унаалар өтө турган көпүрө курууну

пландап жатат. Долбоор боюнча реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 36,5 метрди,

туурасы 11 метрди түзөт. Эки тарабына тротуар салынат. Планга ылайык иштер кийинки

жылы аяктайт. Белгилеп кетсек, «Жол тармактарын өнүктүрүү» долбоорунун 2-фазасынын

алкагында Турусбеков, Манас көчөлөрү Ташкенттен Щербаков көчөлөрүнө чейин оңдолот.