Кыргызстан Россияга болгон аба каттамдарды көбөйтүүгө аракет жасайт

Кыргызстан Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатып, аба каттамдарды көбөйтүүгө аракет жасайт.

Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев билдиргендей, учурда Бишкек — Москва

каттамы боюнча жумасына бир эле рейс бар. Ал эми баалар аба жолдору көбүрөөк болгондо гана турукташат.

Бирок авиакомпаниялар көп чыгымга учурагандыктан билет баасы пандемияга чейинкидей болбойт.

Белгилеп кетсек, Москвага болгон билеттер кескин кымбаттады.

Жакынкы рейстердин баасы 40 миңден 50 миң сомго чейин жетет