Бишкекте бүгүн каттамдарга 6 линиянын маршруттук таксилери чыккан жок

Бишкекте бүгүн каттамдарга 6 линиянын маршруттук таксилери чыккан жок. novosti.kgге Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, эртең менен ишке чыкпай койгондордун саны андан дагы көп болчу.

 

Айдоочулардын көбү мындай кадамга өз кесиптештеринин коркутууларынан улам барганын айтышууда. Башкармалык жүргүнчү ташуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Учурга карата абал көзөмөлдөнүп жатат, коомдук транспорт кадимки тартипте иштеп жатат.

 

Ал эми коркутуулар боюнча фактылар милицияга өткөрүлүп берилди.