Орозо айттын так датасы белгилүү болду.
Кыргызстанда 2-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет.
Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Майрам ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.
Эске салсак, быйыл Орозо 2-апрелде башталган.
Ал эми Кадыр түн 26нан 27-апрелге караган түнү белгиленет.