Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт.

Мындай макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген Кыргызстандын делегациясы менен аталган банк өкүлчүлүгүнүн АКШдагы жолугушуусунда жетишилди. Кол коюлган келишимге ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар, суу чарба кызматтарын жакшыртууга 100 миллион доллар берилет.