Ордо калаадагы №37 мектепте кошумча имарат курулат

Ордо калаадагы № 37 мектепте кошумча имарат курулат.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, үч кабаттуу имарат 525 орунга чакталат.

Анда окуу бөлмөлөрү, ашкана, спорт залы, медициналык кабинет, лабораториялар жана башка жайлар каралган.

Мектепте спорт аянтчасын жана сейил багын куруу да пландалууда.

Курулуш иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.