Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө.

Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышууда.

Күн тартибинде учурдагы экономикалык абалды талкуулоо маселеси турат.

Өлкө башчылары ошондой эле өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү перспективалары боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары, шериктештикти бекемдөөгө багытталган бир катар документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.