Ош мэриясы ЕККУнун Программалык кеңсеси менен кызматташтыкты күчөтөт

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, анда тараптар түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

 

Өз сөзүндө шаар башчысы ЕККУнун Ош шаарындагы коомчулуктун санариптик өнүгүүсүнө, анын ичинде достукту бекемдөөгө жана калаада жашаган бардык улуттар өкүлдөрүнүн башын бириктирүүгө чоң салымын кошуп жатканын белгиледи.

 

Ошондой эле, “Санарип Ош” муниципалдык ишкананын алкагында түзүлгөн санариптештирүү долбоорлорун муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө ишке ашыруу, мэриянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча демилгелерин колдоого сунуштады.

 

Өз кезегинде Алексей Рогов сунушталып жаткан демилгелерге кызыктар экенин айтып, муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.