Ош облусунда чакан ГЭС пайда болду

Ош облусунда чакан ГЭС пайда болду. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Ноокат районунда жайгашат. Станцияны жеке ишкерлер курду.

 

Ошондой эле аймакта дагы бир кичи ГЭСтин курулушу башталды. Жергиликтүү бийлик инвесторлорго бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр, дешти облусадминистрациясынан.