Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды

Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришкендей, жылына

эки жолу түшүм алган райондо ири алча, шабдаалы, кара өрүк, дарбыз,

коон, буудай эгилет. Бүгүнкү күндө  “Найман” суу сактагычы аркылуу жана

10го жакын скважина менен аянттар сугарылат. Бул багытта койгөйлөр жок,

иштер графикке ылайык жүрүүдө. Белгилеп кетсек, Төө-Моюн өлкөдө

эң алгач түшүм алган айыл. Анда жалпысынан 10 миң гектар айдоо аянты бар.