Жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда

Жаңы Салык кодексинде кэшбэк механизмин киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары

Адилет Дубанаев билдирди. Анын айтымында, жаран товар сатып алса,

эсеп дүмүрчөгүн сканерлөө менен анын суммасынын бир бөлүгү кайра

кайтарылып берилет. Канча пайыз экени азырынча белгисиз.

Жаңычылдык кодексте мыйзам долбоору катары камтылат.

Бирок кийинки жылы кодекс киргизилсе, анда Салык кызматы

механизмдерин толугурак жазып чыгат.