Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасы оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, медициналык

мекеменин ковидге чалдыккан бөлүмүн ремонттоо үчүн тендер жарыяланды.

Багыттала турчу сумма 9,5 миллион сомду түзөт. Тендердин талабына

ылайык, жумуштар бир айдын ичинде аякташы керек.