Мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлүүдө.
Быйыл 11 чек ара түйүнү калыбына келтирилди.
Бул тууралуу ушул мүнөттөрдө Ала-Арча резиденциясында өтүп жаткан
жыл жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Өлкө башчы белгилегендей, Россия тарабынан аскерий-техникалык
колдоо көрсөтүүсү дагы чек-араны коргоо ишине жакшы мүмкүнчүлүк берет.
Кошумчаласак, Россия кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө өткөн айда
2 тик учак жана радиолокациялык станцияны кайтарымсыз жардам катары берген.