Кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагында
учурда кырдаал туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Түн тынч өттү, чыр-чатак катталган жок. Кырдаалды көзөмөлдөө боюнча бардык
чаралар көрүлүп жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында
чек арачылар кызматты күчөтүлгөн режимде өтөп жатат.