Кыргызстандын чек ара кызматкерлери кадимки тартипте кызмат өтөп баштады.
Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак жергесинде абал туруктуу, — деп билдиришти
чек ара кызматынан. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана
демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында аймактан
эки тараптын куралдуу күчтөрүн мурда жайгашкан ордуна алып кетүү аяктады.
Ошондой эле тажик тарап тактала элек Унжу-Булак тилкесине орноткон контейнерин алып кетти.
Чоң-Алай районунун чек арага жакын аймакта жайгашкан 5 айылдын коопсуз
жайга эвакуацияланган тургундары туруктуу жашаган жерине кайтып келишүүдө.