Ош облусунун Эсенбай айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, айыл аймагына таза суу
тартуу иштери 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Долбоордун жалпы суммасы
70 миллион сомду түзөт. Акыркы ирет өткөн жылдын декабрь айында 7 миллион сом
бөлүнгөн, иштер коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. Бийликтен
белгилешкендей, Эсенбай айылы эки айдын ичинде таза суу менен камсыздалат.