Баткен облусуна киргизилген карантиндик чектөөлөр карадан алынды

Баткен облусуна киргизилген карантиндик чектөөлөр карадан алынды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, кечээ эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу

кабыл алынган чечим кайрадан каралып чыкты. Эске салсак, Баткенде облус жана

район аралык коомдук унаалардын каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей,

мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган.

Эми аталган тармактарга кайрадан санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берилди.

Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап тагынуу режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды.