Кыргызстанда нан, кумшекер, картөшкө кымбаттады. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, нандын баасы 1 сомго, кумшекердики 3 сомго, картөшкөнүкү дароо 15 сомго көтөрүлдү.
Ведомстводон белгилешкендей, баалар бекитилген. Жасалма жол менен аларды кымбаттаттуу үчүн мыйзамга ылайык жаза каралат. Инспекторлор күн сайын дүкөндөрдү текшерип жатат.