Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектептин курулушу аягына чыгып калды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, имарат 225 окуучуга чакталат.

 

Учурда анын аймагын жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эмеректер жана ашкана жабдуулары орнотулуп жатат. объект колдонууга айдын аягына чейин берилет. Эске салсак, мектептин курулушуна каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Анын сметалык баасы 900 миң долларды түздү.