Баткенде жаңы мектеп курулууда

Баткенде жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш кызматынын маалыматына ылайык, объекттин курулушу 70 пайызга аяктап калды. Бүгүнкү күндө аткаруучу компания имараттын ички жасалгалоосу үстүндө иштеп жатат.

 

Мектептин курулушуна каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Долбоордун сметалык баасы 1 миллион доллардан ашат. Мектеп кийинки жылы колдонууга берилет.