Ысык-Көлдө туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 710 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Андан такташкандай, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда туристтик милиция кайгуул жүргүзөт.
Ошондой эле, аймакта санитардык талаптардын сакталышы катуу көзөмөлдөнөт.