Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп пайда болот.

Эки кабаттуу курулуш 225 окуучуга чакталат. Учурда анын биринчи кабаты салынып бүттү.

Долбоордун жалпы суммасы дээрлик 61 миллион сомду түзөт. Каражат республикалык

бюджеттен бөлүндү. Билим берүү мекемеси ноябрда пайдаланууга берилип калат.

Эске салсак, өткөн февраль айында Көө-Чаты айылында мектеп өрттөнгөн.

Жаңы мектеп анын ордунда курулууда.