Жети-Өгүз районунун Кабак айылында жаңы мектеп пайда болот.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришкендей,
билим берүү мекемеси 275 окуучуга чакталат. Долбоордун сметалык баасы 50 миллион сомду түзөт.
Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп берилди. Иштер 2018-жылы старт алган.
Учурда курулуш иштери 25 пайызга аяктады. Иштер карантинден улам кечиктирилди.