Ош шаардык тез жардам бекетине үч жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Ош шаардык тез жардам бекетине үч жаңы тез жардам унаасы тапшырылды.

Мэриядан билдиришкендей, техникалар керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

Муну менен жалпысынан шаардык бекетте 13 тез жардам унаасы иштеп жатат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, кийинки жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы

машинелер сатылып алынат. Мындан тышкары тез жардам бекетинин имараты оңдоп-түзөөдөн өтөт.