Нарында медицина кызматкерлери жетишсиз

Нарында медицина кызматкерлери жетишсиз.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Эркинбек Алымкулов билдирет.

Анын айтымында, 124 кызматкердин тартыштыгынан улам, жаңы ачылган

стационарларга иштөөгө медицина колледждин студенттери тартылды.

Мындан тышкары, пенсиядагы кызматкерлер, студенттер жана жумушсуз жүргөн

медайымдар дагы кызматка кайтышууда. Өкүл белгилегендей, облустан

28 медицина кызматкери Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө жөнөтүлгөн.