Кыргызстанда коронавирустан вакцина 3 этап менен жүргүзүлөт

Кыргызстанда коронавирустан вакцина 3 этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, биринчи кезекте эмдөө медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, тартип сакчыларга жана тейлөө тармагынын кызматкерлерине жасалат.

 

Экинчи этапта 60 жаштан жогорку адамдарга, ал эми үчүнчү этапта вакцинаны калган жарандар ала алат. Акматова белгилегендей, эмдөө өлкө аймагында ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.