Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган жана андан каза тапкан медицина кызматкерлерине
бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.
1 миң 165 кызматкерге акчалай жардам көрсөтүлөт. Бул максатта республикалык
бюджеттен 243 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер
кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.