Ош шаарында үчүнчү троллейбус линиясы курулушу мүмкүн.
Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кийинки жылы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча бир катар комплекстүү иш-чаралар пландалып жатат.
Алсак, Ош шаарына заманбап экологиялык транспорт – электробустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Мындан тышкары, жеке кичи автобустарды кыскартуу максатында жаңы жылдан кийин дагы 50 автобус алуу пландалууда.
Алар шаардын бардык кичи райондоруна каттайт.