Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан Кыргызстан 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учурады

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан Кыргызстан 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди. Анын айтымында, чек жалпысынан  220 объект, 138 үй талкаланган.

 

Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, 78 турак-жай, 2 мектеп, фельдшер-акушердик түйүн, бала бакча, 10 май куюучу станция, 8 дүкөн жана 2 мамлекеттик мекеме жарактан чыкты.