Ош шаарында таза суу үчүн тариф 30 пайызга кымбаттайт

Ош шаарында таза суу үчүн тариф 30 пайызга кымбаттайт. Шаардык кеңеш депутаттары “Таза суу жана канализация үчүн тарифтерди өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

 

Ага ылайык, таза суунун бир кубометри үчүн жергиликтүү калк эми 6 сом 88 тыйындан, канализация агындыларын тазалоого 4 сом 20 тыйын төлөйт. Белгилеп кетсек, буга чейинки тариф 5 сом 31 тыйынга барабар болчу.